Активист Адилет Айтикеев социалдык тармактарда өздөрүн Шумкар оппозициялык тобу деп эсептеген Самат Кушбек, Айдар Раев, Ширин Айтматова жана казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун аракеттерине карата пикирин билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга экономикалык санкциялар киргизилишин каалоо, элди дүрбөтүү жана өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган аракеттер мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына каршы келет.
“Силерде кыпындай да мекенчилдик сезими жок турбайбы?” , — деп кайрылган Айтикеев.



