Чүй облусунун Панфилов районунда 2006-жылы туулган Адилет Данияров аттуу бала дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү Панфилов РИИБине 1985-жылы туулган келин арыз менен кайрылган. Анда ал 15 жаштагы баласы 20-февралда Кум-Арык айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз деп жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган.
«Арыз ээси менен сүйлөшүү учурунда өспүрүм бала Ысык-Көл облусунда туулуп өскөнү белгилүү болгон. Апасынын айтымында, ал 5-класстан баштап мектепке барбай, үйдөн кача баштаган. Кийинчерээк жумалап же айлап жоголуп кеткенин билдирген. Ушул себептүү апасы арызды убагында жазган эмес», — деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.
Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, чачы кара, арык чырай, башынын сол жагында тырык бар.
Кийген кийими: Кара түстөгү күрмө, кара түстөгү спорттук шым, бутуна кара түстөгү бут кийим.
Милиция сүрөттөгү баланы көргөн, билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кайрылууну суранат: 0312 6079 89, 0702 31 75 22, 0557 08 03 87, 0701 79 0018.