7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адвокаттык лицензия алуу үчүн экзамен өтүп жатат

434

Бүгүн, 18-декабрда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна ээ болуу үчүн тесттик сынакка катышкан 19 адамдын төртөө гана ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу 7-каналга Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын маалыматына караганда, адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиянын чечими менен 93 талапкерге экзаменге кирүүгө уруксат берилген.

Сынак 110 суроодон турган компьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлөт. Суроолордун 70 жана андан ашык пайызына туура жооп берген адам квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырды деп эсептелет.

Экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамдарга квалификациялык комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып, бир айдын ичинде адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия берилет. Тесттик сынак 20-декабрга чейин уланат.

435