7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Таза иштегенге көзүңөр жетпесе арыз жазып кетип калганыңар өзүңөргө жакшы

289

Таза, адилет иштегенге көзүңөр жетпесе эртелеп эле арыз жазып кетип калганыңар өзүңөргө жакшы болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

“Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” дейт кыргыз эли. Биз да кетебиз, мөөнөтүңөр аяктагандан кийин сиздер да кетесиздер. Мамлекетибиз, элибиз гана түбөлүк калат! Бийлик алмашат, жаңылары келет-кетет, турмуш өзү ушундай. Эң башкысы эл кызматына татыктуулар, чынчылдар, мекенчилдер келип, жалпы журтубузга ак кызмат кылып беришсе болгону.

Мекенибизге – сүйүктүү Кыргызстаныбызга, кылым кыйырынан бери нарк күтүп, сакталып келаткан элибизге кызмат кылалы, таза, чын жүрөктөн ак ниет иштеп берели. Министрлерге айтаарым, араңарда мурдатан бери иштеп келе жаткандар барсыңар.

Мурдагы заманды унуткула. Ар бир жетекчи мейли кайсы тармакта болбосун өз тармагыңарды ирээтке келтиргиле! Коррупциялык элементтерди, уурулуктарды түп тамыры менен жок кылгыла! Таза иштегиле! Таза, адилет иштегенге көзүңөр жепесе эртелеп эле арыз жазып кетип калганыңар өзүңөргө жакшы болот»,- деди өлкө башчы.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

290