7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Бийбосунов: Санариптештирүү ИИМдеги көп иштерди илгерилетип жатат

452

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов: Кыргызстан боюнча азыр 2700дөн ашык видокамера коюлган, алардын үчтөн бир бөлүгү – адамды жүзүнөн таануу системасы менен камсыздалган. Анын жардамы менен иликтөө иштери бир кыйла ылдамдады, мисалга, жоголуп кеткен адамдарды издөөдө, деги эле кылмыш ачууда бул система жакшы жактарын көргөзүп атат, биринчи кезекте – издөөгө жарыяланган кылмышкерлерди, өзгөчө эл аралык деңгээлде изделип жаткандарды табууда жакшы жардам берет.

Андан тышкары, көчөдө бараткан машиненин номеринен эле – ал унаа издөөдө эмеспи, салынган айып пулдар төлөнгөнбү, аны менен кылмыш жасалган эмеспи, соттун чечимдери жокпу деген сыяктуу суроолор дароо чечилет. Кызматкерлерибизге боди-камераларды дагы тагып бере баштадык – ал кайсы жерге барып, эмне көрүп жатканын анын жетекчилери же оператор дароо көрүп турат жана ыкчам чечим кабыл алып, буйрук бере алат…

453