7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев АКШнын мамкатчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

12

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, каржы, инвестиция, жарандык авиация, санкциялар, виза режимин жеңилдетүү сыяктуу эки тараптуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жолдоду. Минкаб төрагасы “С5+1” форматынын маанилүүлүгүн белгилеп, өткөн жылы президенттердин бул форматтагы жолугушуусу аймактык кызматташууга күчтүү түрткү болгонун белгиледи. Ал Марко Рубиого Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы диалогду колдоонун негизги куралы катары бул платформага жеке көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Минкаб төрагасы мамлекеттик катчыга Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берди. Өлкө экономикасы 2022-2024-жылдары ар жыл сайын 9 пайыздан ашык туруктуу өсүүнү көрсөткөнү, ал эми 2025-жылдын акырына карата бул көрсөткүч рекорддук 11,5 пайызга жеткени белгиленди.

«Биз Америка Кошмо Штаттарын маанилүү өнөктөш катары гана эмес, илимий-техникалык өнүгүүдөгү дүйнөлүк лидер катары да карайбыз. Кыргызстан инновациялар, санариптик трансформация жана алдыңкы технологияларды ишке киргизүү боюнча өнөктөштүгүбүздү кеңейтүүгө кызыкдар», — деген Адылбек Касымалиев жана анын иш сапарынын алкагында АКШнын алдыңкы технологиялык корпорациялары менен бир катар жолугушуулар өткөнүн кошумчалады.

Жакында эле Вашингтондо болуп өткөн, мамлекеттер аралык мамилелердин бүткүл спектрин камтыган мазмундуу саясий консультациялардын жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулду. Байланыштарды мындан ары чыңдоо үчүн Адылбек Касымалиев Марко Рубиону Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио сапар үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал америкалык тараптын талкууланган бардык тармактар боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендигин ырастады.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө умтуларын ырасташты.

13