Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.
Жолугушуу Түркмөнстанда өткөн деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына алкагында орун алды.
Минкаб башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлөрдүн муктаждыктарына жана приоритеттерине эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган системалуу аракеттерин жогору баалады. Ошондой эле, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча Авазанын жаңы Иш-аракеттер программасынын кабыл алынышын канааттануу менен белгиледи.
Ошондой эле, Адылбек Касымалиев өткөн жылы башталган «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу Борбор Азия аймагы үчүн да, анын чегинен тышкары да жаңы соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.
Өз кезегинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда ишке ашып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлорду канааттануу менен белгилеп, ошондой эле аймактагы чек ара маселесин чечилишин кубаттады. Башкы катчы Кыргызстандын эл аралык транспорттук логистикалык байланышка кошуп жаткан салымын да жогору баалады.
Тараптар Кыргыз Республикасы 2027-жылга пландаштырылган «Бишкек+25» жогорку деңгээлдеги эл аралык саммитин өткөрүүгө активдүү даярданып жатканын билдирип, Саммитке БУУнун активдүү катышары жана Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында кызматташуунун келечеги талкууланды.