7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Ирандын биринчи вице-президенти менен жолукту

151

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн Кыргызстанга келген Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефтин жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана транзиттик-транспорттук чөйрөлөрдө талкуулашты.

Ошондой эле төрага кыргыз-иран инвестициялык кеңсесин түзүү боюнча меморандумга кол коюлганын кубаттап, аны тез арада ишке киргизүүнү кааларын билдирди. Өз кезегинде Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирип, жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында биргелешкен комитеттин биринчи отурумун өткөрүүнү сунуштады.

Мохаммад Реза Ареф ошондой эле аймактык деңгээлде алакаларды тереңдетүү үчүн эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүүнү сунуштады. Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

152