7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Түркмөнстанга барды

327

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуу үчүн иш сапар менен Түркмөнстандын Аваза туристтик комплексине келди.

Иш сапардын алкагында минкаб башчысы деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясыннын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов,    Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын  жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышат.

Мындан тышкары деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Үчүнчү конференциясынын алкагында  өтүүчү «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук күндөрүнүн» маданий иш-чараларына катышат.

328