7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөнүн ИДПсы эки айда 264 млрд сомго өстү

326

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрүп, 2026-жылдын январь–февраль айларындагы социалдык-экономикалык жыйынтыктарды, бюджеттин аткарылышын, 100 күндүк реформаларды жана жазгы талаа иштерине даярдыкты талкуулады.

Алдын ала маалымат боюнча, өлкөнүн ИДПсы 264,1 млрд сом болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 8,8% өстү. Өсүш негизинен курулушта, кызмат көрсөтүүдө, айыл чарбасында жана өнөр жай тармагында байкалды. Негизги капиталга инвестициялар да 11,5%  көбөйдү.

Жыйында бюджеттин аткарылышы каралып, жаңы реформалар сунушталды. Алардын ичинде баалуу кагаздар рыногунда финансылык кызматтарды жөнөкөйлөтүү жана ден соолук маалымкаттарын санариптештирүү бар. Бул кызматтарды тездетип, чыгымдарды азайтууга жардам берет.

Ошондой эле жазгы талаа иштерине даярдык жана дыйкандарды керектүү ресурстар менен камсыз кылуу маселеси каралды.

327