7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев МИК куруп жаткан турак жайга барды

172

Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан курулуп жаткан “Ынтымак” турак жай комплексинен кабар алды.

Анда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы тарабынан Адылбек Касымалиевге курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Белгилүү болгондой,  “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан бул “Ынтымак” турак жай комплексинде 18, 24 кабаттан турган 48 көп кабаттуу үй курулат. Андагы 6 970 батирдин жалпы аянты 603 534 чарчы метр. Ал эми, унаа токтотуучу жайлардын саны 3 852, коммерциялык жайлардын аянты 32 606 чарчы метр. Курулуш иштери төрт этаптан турат.

Курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алган МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылып жатканын, калк жыш жайгашкан жайларда, ири шаарларда жана райондордо жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле, мындай иштер үй алууга кезекке турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында жүргүзүлүп жатканын айтып, курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Кошумчалай кетсек, учурда мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында 925 даана көп кабаттуу үй курулууда, андагы батирлердин жалпы аянты 4 млн чарчы метр.

173