7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев мугалимдерди ноутбек менен камсыздоону тапшырды

5

Кечээ, 26-сентябрь Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу МинКабтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач өлкөдөгү мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү маселелери жөнүндө маалымат берилген.

Бул багытта МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, 1-сентябрдан баштап 12-жылдык билим берүүнүн алгачкы балдары кабыл алынганын, окуу китептерин иштеп чыгуу, басып чыгаруу иштери активдүү жүргүзүлгөнү, Президенттин тапшырмасы менен ар бир мугалимди ноутбук менен камсыздоо ишке ашырылып жатканын айтып, бир катар тапшырмаларды берди.

 

“Агартуу министрлиги – аймактарда бала бакчалар менен камсыздоо иши күчөтүлсүн, мугалимдерди персоналдык ноутбуктар менен камсыздоону аягына чыгарыңыздар. Китептерди иштеп чыгууга жана басып чыгарууга 3 млрд сом каржылоо жагы камсыз кылынсын. Жалпы мектептеги билим берүүнүн 12 жылдык окуу форматка өткөндүгүнө байланыштуу мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн. Мамлекеттик ипотекалык компаниясы жаш мугалимдерди нөлдүк пайыздык шартта турак жай менен камсыз кылуу программасын иштеп чыксын. Курулуш министрлиги – Бишкек, Ош жана Манас шаарларындагы демографиялык өсүүнү эске алуу менен, билим берүү имараттарын куруу боюнча башкы планды кайрадан карап чыгууну камсыз кылсын жана аларды учурдагы жарандык курулуш стандарттарына ылайык, заманбап инклюзивдик талаптарына  ылайык кайра түзсүн”, — деди Адылбек Касымалиев.

6