Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Жанар Акаевди тааныштырды.
Министрлер кабинетинин башчысы мэриянын шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда, жарандардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү негизги ролун белгиледи.
Адылбек Касымалиев ошондой эле мэриянын түзүмдөрүнүн натыйжалуу жана ырааттуу иштешинин, мамлекеттик жана шаардык артыкчылыктуу программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Минкаб төрагасы Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Жанарбек Акаев күн мурун Ош шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал эми буга чейин шаар жетекчисинин кызматын аркалаган Жеңишбек Токторбаев кызматтан кеткен.



