7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Агартуу министри Европа парламентинин депутаттары менен жолукту

209

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Гулнур Мамырова менен биргеликте Европа парламентинин Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыш боюнча делегациясынын төрайымы Джузеппина Принчи баштаган депутаттары менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана илим тармагындагы кызматташуунун келечегин, ошондой эле Erasmus+ программасын мындан ары ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Министр Европа тарапка көрсөтүлүп жаткан бюджеттик колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Учурда министрлик тарабынан Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформа жүргүзүү боюнча контракт” бюджеттик колдоо программасы ишке ашырылууда.

Белгиленгендей, Европа биримдигинин бюджеттик колдоо программасы Кыргызстандын билим берүү системасын комплекстүү модернизациялоого багытталган, анда туруктуу каржылоо, билим берүү процесстерин санариптештирүү, инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү, ошондой эле Twinning долбоорунун алкагында алдыңкы европалык тажрыйбаны киргизүү каралган.

210