Бүгүн, 24-мартта Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Алгач МинКаб башчысы Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушун көрүп чыкты. 6,5 гектар аянтка курулуп жаткан бул обьект Турукташтыруу фонду жана Талас облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.
Андан соң Министрлер Кабинетинин төрагасы Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мында МинКаб башчысына оорукана бүгүнкү күндө үч жерде жайгашып дарыгерлердин бөлүмдөн бөлүмгө консультация жасоолору, дары-дармектерди , тамак-ашты жеткирүү чоң көйгөйдү жаратып, күйүүчү майга кеткен финансылык каражаттары өсүп жаткандыктан, бир жерге заманбап 300 орундуу оорукана куруу зарылчылыгы туурасында айтып беришти. Өз кезегинде МинКаб башчысы аталган маселени чечүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Касымалиев “Эне жана баланын ден соолугун коргоо” программасынын алкагында курулуп жаткан 63 орундуу перинаталдык борборду көрүп чыкты. Бул курулуш долбоорунун жалпы суммасы 6 млн. еврону түзүп, Германия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.
Иш сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Талас шаарынын борбордук стадионунун курулушун да көрүп чыкты. Стадион ушул жылы эгемендүүлүк майрамына карата ишке берилет.
Ошондой эле МинКаб башчысы “Акылман” Президенттик лицейинин Талас шаарындагы имаратынын, Талас шаарынын борбордук мечити жана Талас шаардын борбордук паркынын курулуштарынын жүрүшү менен таанышты. Мындан тышкары Талас шаарындагы К. Нуржанов атындагы аллеясынын курулушун көрүп чыгып, Турукташтыруу фонду тарабынан каржыланып, курулуп жаткан Талас мамлекеттик университетинин имаратына дагы барды. Касымалиев бул объектилер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аяктоо боюнча тапшырмаларды жеринде берди.



