Адылбек Касымалиев жазгы көчөт отургузуу иш чарасына катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү “Jashyl Dem Fest | JAZ 2026” жазгы экологиялык фестивалына катышты.
Иш-чара Байтик айылында өтүп, анда бадам, жаңгак жана өрүктүн көчөттөрү отургузулду. Төрага көчөттөрдү системалуу жана жакшы карап, өстүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Көчөт отургузуу – биринчи кадам. Эң маанилүүсү – аларды жакшы карап, сугарып, кам көрүү. Ошондо бул бак-дарактар келечек муундарга татыктуу мурас болуп калат”, – деди Адылбек Касымалиев.
Фестивальдын алкагында Чүй облусунда 40 миң, башка аймактарда дагы 30 миң көчөт отургузуу пландалууда. Иш-чара жаштарды экологияны сактоого үндөө максатында уюштурулган.



