7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аэропорт кызматкерлеринин жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөтөт

190

Ведомствонун берген маалыматында «Кыргызстан аэропорттору» ААКсы кесиптик жүрүм-турум жана бизнес этикасынын стандарттарын катуу сактайт. Муну менен катар, ЖАО «КММ»нын Р.Б. аттуу кызматкеринин туура эмес жүрүм-турумундагы болгон окуяга байланыштуу жумуш ордунда дисциплинардык чаралар көрүлгөн.

Эске салсак, аталган кызматкер жумуш учурунда социалдык түйүндөрдө түз эфир жүргүзүп, корпоративдик этика нормаларына туура келбеген жүрүм-турумга барган. Бул иш-аракеттер компаниянын жана анын кызматкерлеринин беделине зыян келтиргендиктен, аны менен эмгек келишимин токтотуу чечими кабыл алынган.

«Аэропорттун бардык кызматкерлерине мындай аракеттерге жол берилбестиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кесиптик жүрүм-турум стандарттарын сактоо боюнча ички көзөмөл чаралары күчөтүлдү.

«Кыргызстандын Аэропорттору» ААКсы ишкердик репутациянын жогорку стандарттарын сактоону улантууда жана бардык кызматкерлерди өздөрүнүн кесиптик милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.

191