7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аэропортто кармалды. Жети-Өгүздүктөрдү 2 млн 300 миң сомго алдап, качып бараткан

809
Жети-Өгүздө 60дан ашуун уурулук, алдамчылык кылып, Россияга качып бараткан жаран «Манас» аэропортунан кармалды. Ал жергиликтүү тургундарга 2 млн 300 миң сомдук зыян келтирген.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жети-Өгүз РИИБне Барскоон айылынын тургуну арыз менен кайрылып, август айынын баш ченинде «Али» аттуу жаран, андан 29 миӊ сомго бааланган 575 килограмм абрикос өрүгүн алып, акча каражатын бир жуманын ичинде төлөп берем деп убада кылып, төлөбөстөн кетип калганын билдирген.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал Орусия мамлекетинин 40 жаштагы жараны М.М. болуп чыкты.  Шектүү М.М. республиканын аймагынан учуп кеткени жатканда, аэропортун кызматкерлери тарабынан кармалып, Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалган М.М., алдамчылыктын дагы 60 учуруна тийиштиги бар экендиги аныкталып, райондун жергиликтүү тургундарына 2 миллион 300 миӊ сом зыян келтиргени белгилүү болгон.
Бардык аныкталган учурлар боюнча жабырлануучулардан арыздар алынып, райондук милициянын КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш ишине алынды.
Учурда, Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан шектүү М.М. башка ушул өндүү алдамчылыка тийиштиги бар, же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Ал эми, кылмышка шектүү катары кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Карако

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

810