7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талибдер Желалабаддагы акциянын катышуучуларына ок чыгарып, эки адам каза болду

1631

Нангархар провинциясындагы Ооганстандын мамлекеттик желегин коргоого чыккан элге талибдер ок чыгарып, натыйжасында эки адам каза болду. Бул тууралуу “Al Jazeera”  маалымат булагы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, демонстранттар талибдердин имараттардагы Ооганстандын мамлекеттик желегин «Афганистан Ислам Эмиратынын» ак желегине алмаштыруу аракеттерине каршы чыгышкан. Аянттардын биринде жүрүшкө чыккандар ак желекти чечип, мамлекеттик желекти көтөрүп алышкан. Андан соң демонстранттар менен талибдердин ортосунда кагылышуу курчуган.

Желалабаддагы акцияга ондогон жарандар катышкан жана көбү талибдердин огунан жабыркап, экөө жеринде көз жумган. Ошондой эле, чагылдырууга барган бир нече тележурналист сабалган. Ушундай эле нааразычылык акциясы Хост провинциясында да өтүүдө.

Эске сала кетсек, 15 -августта радикалдуу «Талибан» кыймылы Ооганстандын бардык аймагын толук көзөмөлгө алганын жарыялаган. Ал арада Ооганстандын президент Ашраф Гани кызматтан кетти. Миңдеген качкындар өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылышууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1632