Бишкекте «Манас» аэропортундагы коррупциялык иш боюнча Ксения Барабаш кармалды. Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Ксения Барабаш жарандык авиация тутумунда иштегени аныкталган. Ал 20-апрелде суракка чакырылган. Бүгүн, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Барабашка карата баш коргоо чарасын тандашы керек.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Ксения Барабаш Түркиянын «GATA HAVAYOLLARIVE TAŞIMACILIK A.Ş» компаниясынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору болуп эмгектенет.
Белгилей кетсек, бул кылмыш иши боюнча «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКтын экс-президенти Нурсултан Белеков, «Манас» эл аралык аэропорту «ААК башкармалыгынын мурунку жетекчилери Мурат Примбердиев жана Албек Ибраимов жоопко тартылышууда. Ал эми кылмыштын дагы бир катышуучусу изделүүдө. Тергөө менен келишим түзүлгөндөн кийин Нурсултан Белеков үй камагына бошотулган.
Башкы прокуратура Транспорт прокуратурасы менен биргеликте, «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын жооптуу адамдары тарабынан эл аралык авиакаттамдардын жүк ташуусу үчүн чет өлкөлүк компанияга жеңилдиктерди берүү тутумунун схемасын аныкташкан. Мамлекетке 139 миллион 598 миң 681 сом зыян келтирилген.