7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Афганистандан чыккан баңгизаттарды жеткирип турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

505

Афганистандан чыккан баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын чет мамлекеттер аркылуу транзит менен жеткирип жана сатып жүргөн улуттар аралык уюшкан кылмыштуу баңги тобу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Орто Азиядан Россияга, Балтика өлкөлөрүнө, андан ары Европага баңгизаттарды жүк ташуучу унааларда жасалган жашыруун жерлерге, эл керектөөчү товарларга, курулушка же айыл чарба продукцияларына катуу жолу менен ташышкан.

Жогорудагы улуттар аралык баңги тобунун курамы Борбордук Азиянын, Россиянын жана Европа өлкөлөрүнүн жарандарынан түзүлгөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан аталган баңги топтун активдүү мүчөсү, Россиянын жараны1988-жылы туулган М.С. кармалган.

Ушул жылдын 21-ноябрында Новосибирск шаарынан ижарага алынган кампага тинтүү жүргүзүлүп, «травертин» фасаддык плиткаларына катылган 68 килограмм «Афган чарсы» жана пакеттеги 4 килограмм «Героин» баңгизаты табылып алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кармалган жаран Бишкек шаарындагы 2 шеригинин жардамы менен баңгизат ташууну уюштурган. Алар «Жавлон» жана «Айдар» аттуу жарандар экендиги аныкталган. Бишкек шаарынан Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1997-жылы туулган К.Ж. кармалган. Андан кийин экинчи шериги Баткен облусунун Исфана шаарынын тургуну 1997-жылы туулган А.А. кармалган. Алар жогорудагы Россиянын жаранына Россияга баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын аткезчилик жол менен алып өтүүнү уюштурууга жардам берип жүрүшкөн.

Учурда бул баңги кылмыштарына дагы эки адамдын тиешеси бар экени аныкталды. Алар Баткен облусунун Исфана шаарынын 1976-1987-жылкы тургундары аныкталып, кармоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Андан сырткары, иликтөөнүн жүрүшүндө аталган жарандар белгисиз жарандар менен бирге Россияга жөнөтүү үчүн Сары-Таш плиткаларына баңгизаттарды жашырган жерлерди жасашкан гараж табылган.

Баңгизаттарды жашырган плиткаларды өндүрүү үчүн арналган далил заттар табылып алынып, учурда иликтөө жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

506