7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Афганстандын башчысы өлкө боюнча интернетти өчүрүүгө буйрук берди

278

Афганистандын жогорку лидери Хайбатулла Ахунзада бүткүл өлкө боюнча интернетти өчүрүүгө буйрук берди. Бул тууралуу афганстандык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, бул Афганстан боюнча була-оптикалык интернетке жана Wi-Fiга тыюу салуунун соңку чечими жана кайра каралбай турганы баса белгиленди. Ошондой эле 17-сентябрга карата Ооганстандын 34 провинциясынын 10унда интернет кызматы жок экенин белгилейт.

Жогорку лидер менен жолугушуу үчүн Кабулдан келген өкмөттүк делегациянын Кандагардагы сүйлөшүүлөрү жыйынтыксыз аяктаган. Белгилүү болгондой, Хайбатулла Ахунзада мамлекеттик органдар менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү гана интернетке кирүү үчүн жаңы компания түзүүгө буйрук берген.

Кошумчалай кетсек, чектөө “адепсиздиктин алдын алуу” үчүн киргизилгени белгиленген. Бул 2021-жылдын августунда талибандар бийликти басып алгандан берки алгачкы тыюу салуу болуп эсептелинет.

279