7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АФК Кубогу: «Абдыш-Ата» түркмөнстандык «Алтын-Асыр» менен ойнойт

511

2023-2024 АФК Кубогунун тайпалык этабынын бешинчи турунун алкагында Канттын «Абдыш-Ата» футбол клубу түркмөнстандык «Алтын-Асыр» менен кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Беттеш 30-ноябрда Түркмөнстандагы «Ашхабад» стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 22:00дө старт алат.

Белгилей кетсек, 4-турдан кийин «Абдыш-Ата» 10 упай менен «Е» тайпасынын турнирдик жадыбалынын сап башында турса, 7 упай менен 2-орунду «Алтын-Асыр» ээлейт, «Мерв» (Түркмөнстан) жана «Равшан» (Тажикстан) командалары 2 упай менен 3-4 орундарда турат.

Тайпа ичиндеги «Мерв» — «Равшан» ортосундагы оюн эртең Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө өтөт.

512