7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суу жана «Дордой» базарында иштеген соодагерлер ККМден бошотулат

354

«Кара-Суу» базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулушат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, бүгүн аталган базардын ишкерлери ККМ орнотууга каршы митингге чыгышкан. Ага байланыштуу МСК төмөнкүлөрдү билдирет.

«Митингдин катышуучулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда нааразылык акциясы аяктап, анын бардык катышуучулары экономикалык өз иштерин улантышууда. Белгилей кетсек, «Кара-Суу» СБКнын аймагындагы бардык базарлардын ишкерлери контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу милдеттенмесинен бошотулушат. Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат. Азыркы учурда стратегиялык объекттерге «Дордой» жана “Тураталы эл базары» (Кара-Суу) кирет. Стратегиялык объекттерге кирген базарларда иштегендер 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда ККМ, ЭЭФ жана ЭТТК колдонуудан бошотулушат»,- деп берилет маалыматта.

Атайын салык режими пайда салыгын, сатуу салыгын, КНСти алмаштырат жана акцизделчү жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарлардан тышкары, товарларды сатууга карата колдонулат.

355