7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Агулак көмүр кени: Бишкек шаарынын мэри көчмө жыйын өткөрдү

264

13-июлда Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын Агулак көмүр кенинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы астында көчмө жыйын өттү.

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) керектелүүчү көмүрдү казып алууда жана жеткирүүдө жаралган тоскоолдуктарды жоюу боюнча маселелер каралды.

Атап айтканда, ЖЭБге керектелүүчү көмүрдү казган ишкана карьерден чыккан топурак рудаларын ташып төгүү маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылган. Айбек Джунушалиев бул маселе жалгыз эле борбор шаар үчүн зарыл эмес экендигин белгилеп, жалпы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн маанилүүлүгүн кошумчалады. Анткени Бишкек ЖЭБи баш калаага жылуулук берүү менен бирге өлкөнүн түндүк аймагын электр жарыгы менен камсыздаган негизги стратегиялык обьектилердин бири.

Андан сырткары Агулак көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуучу заводдун курулушун тездетүүнү тапшырды.

Мэрдин айтымында Миң-Куш айылынын Агулак көмүр кенинен чыккан көмүрдүн сапаты жогору болгондуктан Бишкек ЖЭБине дал ушул кара отунду жагуу чечими кабыл алынган. Ал ЖЭБ жакынкы жылдары толугу менен жергиликтүү көмүргө өтө турганын эскертти.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

265