7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аиша, Айчырай, Адинай. Үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом тапшырылды (ВИДЕО)

208

Бүгүн, 25-мартта үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлайт.

Маалым болгондой, 20-февралда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында Өзгөн районунун Кароол айыл аймагына караштуу Мырза-Арык айылынын тургуну Мавлюда Бердигулова үч эмди жарык дүйнөгө алып келген.

Облус башчысы Аманкан Кенжебаев үч эмдин үйүнө барып, эне менен ымыркайлардын ден соолугун сурап, 100 миң сом тапшырды.

Мавлюда Бердигулова үч кыз төрөгөн. Ымыркайлардын учурдагы салмагы 1800, 2220 жана 2320 граммды түзөт.

Наристелерге Аиша, Айчырай жана Адинай деген ысымдар берилген. Алар 4-мартта төрөт үйүнөн чыгарылган.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

 

209