7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэри чыгыш айланма жолунун курулушун баштап берди

11

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы эң маанилүү инфраструктуралык долбоорлордун бири — Чыгыш айланма унаа жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышына старт берди.

Жаңы транспорттук коридор шаардын чыгыш тарабында, шаардын жыш курулушунан тышкары өтөт. Чыгыш айланма жолунун жалпы узундугу 16 чакырымды түзөт. Долбоор беш ири жол алмашуучу жайдын курулушун, ошондой эле Кант тарабындагы көпүрөнүн курулушун камтыйт.

Чыгыш айланма жолунун долбооруна ошондой эле жанаша жайгашкан негизги көчөлөрдүн курулушу жана реконструкциясы кирет. Чыгыш айланма жолун кошкондо, жанаша жайгашкан жолдордун жалпы узундугу 32 километрди түзөт. Борбор калаанын башчысы Жукеев-Пудовкин көчөсүн — А. Токомбаев көчөсүнөн Иманалиев көчөсүнө чейин куруу долбоору менен жеринде таанышты. Долбоорго 100гө жакын атайын курулуш техникасы тартылган.

Долбоордун негизги максаты — транзиттик транспортту шаардын аймагынан сыртка чыгаруу, борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды азайтуу жана борбор калаанын жашоочулары, ошондой эле Чүй облусунун жакын аймактары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу болуп саналат.

Чыгыш айланма жолу – бул Бишкектеги транспорттук кырдаалды бир топ жакшыртып, аймактык транспорттук түйүн катары статусун бекемдей турган маанилүү стратегиялык долбоор.

12