Экологиялык кеңештин чечимдерине ылайык, борбор калаадагы ар бир мектептин айланасын жашылдандыруу керек.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев №75 мектепке барып, долбоордун ишке ашырылышын текшерип, билим берүү мекемесинин аймагына жашыл көчөттөрдү отургузууга катышты. Иш-чаранын алкагында кайыңдын көчөттөрү отургузулду.
Шаар башчысы шаардык кызматтардын жетекчилерине көчөт отургузуу мезгилинде жашылдандыруу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ар бир мектеп мэриядан дайындалган кураторго бекитилип, ал көчөттөрдү өз убагында отургузууга жана тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөгө жооп берет. Мэр берилген тапшырмаларды талаптагыдай аткарбаган жетекчилерге карата катуу чаралар көрүлөрүн белгиледи.
Эске салсак, Экологиялык кеңештин чечимдеринин алкагында күзүндө борбор калаадагы мектептердин аймагына 3 000ден ашык дарак отургузулган, ал эми жазында дагы 3 000ден ашык көчөт отургузуу пландалууда. Кыдыруу учурунда шаар башчысы мектеп директоруна аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн подряддык уюмдарды тартууну да тапшырды.



