7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Джунушалиев өрттөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүүнү тапшырды

193

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектисинде өрт чыккан үйгө барып, тургундар менен жолукту. Ал алардын кайрылууларын угуп, мэрия жабыркаган үй-бүлөлөргө биринчи кезекте жардам көрсөтүү иштерин баштаганын билдирди. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирет.

Текшерүү учурунда имарат катуу жабыркап, жашоого жараксыз экени аныкталды. Мэрияда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн турак жай маселесин чечүүгө багытталган бир нече вариант каралууда. Алардын бири — тургундарды Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү боюнча мамлекет башчысына сунуш даярдоо.

Өрт болгон жерге баргандан кийин Айбек Джунушалиев ооруканада жаткан жабыркагандарды да барып көрдү. Ал алардын абалын сурап, мэриянын резервдик фондунан каражат бөлүү үчүн зарыл болгон документтер даярдалып жатканын билдирди. Бул каражат жабыркаган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүүгө багытталат.

Өрттөн жабыркаган үйдүн жашоочулары убактылуу А. Каниметов атындагы №1 Гимназия-интернатына жайгаштырылды. Ал жерде негизги шарттар түзүлүп, шаардык кызматтар керектүү жардам көрсөтүп, учурдагы маселелерди чечүүгө көмөктөшүп жатышат.

Бишкек шаарынын мэриясы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп, жабыркаган үй-бүлөлөргө тийиши керек болгон жардам толук көрсөтүлүшүн камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда.

194