7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айбек Джунушалиев соцобъектилерди текшерип кыдырып чыкты

14

23-июнда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев социалдык объектилерди текшерип кыдырып чыкты.

Алар Красный строитель конушундагы 140 орундуу бала бакчанын капиталдык ремонту менен таанышышты. 2022-жылы бул объект Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен алмашуунун натыйжасында муниципалитеттин балансына өткөрүлгөн.

Ошондой эле административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кошулган Биримдик Кут конушундагы 280 орундуу бала бакчанын курулушу менен таанышты. Бул жерде 2 кабаттуу имарат жана 9 балдар аянтчасы курулат. Имараттын аянты 2927 чарчы метр. Бүгүнкү күндө катлаванын казуу иштери аяктап жатат.

Ак-Бата конушундагы 660 орундуу мектептин курулушу улантылууда. Жалпы аянты 1,08 гектарды түзөт. Имарат 2 кабаттуу жана 9 блоктон турат.

Учкун конушундагы бала бакча 140 орунга ылайыкталган. Жалпы аянты 0,83 гектарды түзөт. Учурда 2-кабаттын шыбын орнотуу иштери аяктады. Жер төлөнүн плиткаларын төшөө, 1-кабатын кирпич дубалын орнотуу иштери жүрүп жатат.

УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин алкагында Гоголь көчөсү 127а дарегиндеги бала бакчанын имараты кайтарылды. Бул жерде капиталдык оңдоо иштери башталды. Имараттын долбоордук кубаттуулугу 180 балага ылайыкташып, аянты 0,6 гектарды түзөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында борбор калаа башчысы курулуш объектилерин куруу жана реконструкциялоо иштерин күнүмдүк көзөмөлгө алууну тапшырды. Иштин сапатына жана аймактын көрктөндүрүүсүнө өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле мектептер менен бала бакчалардын айланасындагы объектилердин мыйзамдуулугун текшерүү милдети коюлду.

15