Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Октябрь окуясынын кесепетинен каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун эжеси менен жолукту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар башчысы каза болгон баланын атасына батир берүү кечиктирилгени үчүн кечирим сурап, Бишкек шаардык кеңешинин 28-сентябрда боло турган сессиясында бул маселе караларын билдирди.
“Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаары, Анкара көчөсү №202/2 дарегиндеги №112 муниципипалдык батирди кайтарымсыз негизде берүү жөнүндө” токтомдун долбоорун Бишкек шаардык кеңешине киргизди. Токтом бекитилери менен муниципалдык менчик башкармалыгы аянтты 65,9 чарчы метр болгон эки бөлмөлүү жаңы батирди менчикке өткөрүп берүү боюнча келишим түзөт”, — деп айтылат маалыматта.