11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерди шайлоодо Айдаркен шаарында 8 партия ат салышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгы төмөнкүдөй:
- “Ынтымак” – 20,18%
- “Ата-Журт” – 14,3%
- “Ата-Журт Кыргызстан” – 13,25%
- “Жаңы Доор” – 12,08%
- “Өнүгүү-Прогресс” – 9,76%
- “Бүтүн Кыргызстан” – 8,59%
Эскерте кетсек, бул алдын ала чыгарылган жыйынтык жана бардык шайлоо участкаларынын маалыматы камтылган эмес. Тизмеде көрсөтүлбөгөн партиялар — 7%дан аз добуш алгандар.