7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочу абайлаңыз! 16-мартка чейин ашууларда кар көчкү түшүүcү мүмкүн

249

14-марттан 16-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

— Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда,198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
-Суусамыр — Талас —Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымындагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымында;
— Бишкек —Нарын —Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымындагы Долон ашуусунда 353-357-чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда;
— Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымынын Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси;
— Суусамыр — Арал унаа жолунун 8-21-чакырымдары;
— Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу, Барскоон —Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымындагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

250