7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочу: ”Кыйынчылыкта жардам алып бара жатканыма сыймыктанам”

150

Кыргызстандан Россия Федерациясынын суу каптоодон жабыр тарткан Оренбург облусуна сапар тарткан «Жардам кербенинин» бүгүн экинчи күнү.

350 тонна гумжардам жүктөлгөн 20 унаа Казакстандын аймагында бара жатат. Кыргыз элинин аманатын жеткирүүдө ар бир айдоочу темирдей бекем тартиптин негизинде эреже сактап, жолун улап баратат. 

Ал ортодо биздин чыгармачыл топ айдоочу менен маек куруп, узун жолду кыскартууга ашыктык.

Каарманыбыз Элдар Алиев 9 жылдан бери жол азабын да, жыргалын да башынан өткөрүп, коңшу Казакстан, Өзбекстан, Таджикстанга бара турчу жолду кадимки картадай эле билгенин айтып бара жатты.

Ал эми Россиянын шаарларына бир нече ирет каттаган. 

 

151