7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочуга орой мамиле кылган жол тескөөчү иштен алынды

1927

Сокулукта айдоочуга орой мамиле кылган жол тескөөчү иштен алынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуга орой мамиле жасаган инспекторго байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүздү. Анын натыйжасында кызматкер өз милдетин талап-эрежеге ылайык аткарбаганы үчүн иштен алынды. Ошондой эле аталган башкармалыктын Сокулук райондук бөлүмүнүн башчысына сөгүш жарыяланды.

Эскерте кетсек, май айында Ош шаарында жүргүнчү менен айдоочуну сөккөн, кол көтөрүүгө аракет кылган милиция кызматкери иштен алынган. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы анын жанында жүргөн МАИ кызматкерин дагы жумушунан бошотуу тууралуу жетекчилигине сунуш берген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1928