7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочулардан айып пул алып кыйнагандан көрө, акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү керек

1037

Бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында депутат Бактыбек Турускулов Бишкек шаарында мыйзамдуу унаа токтотуучу жайларды көбөйтүп, андан бюджетке киреше түшө тургандай шарт түзүү сунушун берди.

Ал шаарда унаа токтотуучу жайдын жоктугунан, автоунаалар жол боюнда токтотулуп, ээлери ири суммадагы айып пул төлөп жатышканын айтты.

«Айдоочулардан айып пул алып кыйнагандан көрө, акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү керек. Бишкекте бардык унаа токтотуучу жайларды алып коюп, бүгүнкү күндө чакан бизнес объектилеринин парковкасы жок. Айрым ири соода борборлору шарт түзүп парковкаларды уюштуруп, салык түшүп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй кылып, акы төлөнүүчү жайларды ачып, шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтсөк. Бул киреше эле эмес, айдоочуларга да жакшы шарт болмок. Азыр айла жок жол боюнча токтотулган унааларды камералар каттап алып, айып пул салып коюп жатат», — деди Турускулов.

1038