7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Таласта Ж. Баласагын атындагы КУУнун көп тармактуу институтунун окуу корпусун ачты

6

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылыш аземине катышты.

Жаңы окуу корпусу ар кандай багыттар боюнча 3000 студентти окутууга ылайыкталган. Имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалып, окуу процессине санариптик технологиялар киргизилген.Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Президент Садыр Жапаровго жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу корпуста студенттер жана окутуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн маалымдады.

Ал жаңы корпустун ачылышы студенттердин билим алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүп, жогорку билим берүү системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодогу маанилүү кадам экенин белгиледи.

Окуу жай 1994-жылы Талас педагогикалык окуу жайынын базасында түзүлгөн. Ал эми аталган окуу жайдын тарыхы дээрлик бир кылым мурда — 1930-жылдары башталып, билим берүү тармагындагы тарыхы 90 жылдан ашкан жолду басып өттү. Ушул мезгил аралыгында окуу жай миңдеген адистерди даярдаган. Алардын арасында билим берүү системасын, мамлекеттик башкарууну, экономиканы, маданиятты жана башка тармактарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон көптөгөн көрүнүктүү инсандар бар.

Мамлекет башчысы атайын кабинеттерди жана окуу жайларды, анын ичинде Чыңгыз Айтматов атындагы кабинетти, Туризмди өнүктүрүү борборун, топурактын жана суунун сапатын аныктоочу лабораторияны кыдырып чыкты. Андан соң окутуучулар менен баарлашып, аларды студенттерге сапаттуу билим берүүгө жана татыктуу адистерди тарбиялоого чакырды.

Баарлашууда туристтик чөйрөнү өнүктүрүүгө жана бул багыт үчүн кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров институттун жаңы корпусу аймактын жаштарына жеткиликтүү жана заманбап билим алуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи.

7