21-январдан 24-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Алсак,
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу, 198-255-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу,
- Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында;
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусуна;
- Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында Көк-Арт ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Мындан улам жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.



