7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айдоочуларга унааны кайрадан арзан каттоонун 4 этабын сунуштайбыз

1072

1-июнда унааларды алымсыз кайра каттоо боюнча улуттук кампания башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акциянын алкагында автоунааны кайрадан каттоодо унаанын орточо базар баасынан 0,3% өлчөмүндө алым төлөнбөйт. Автоунааны кайрадан каттоодон өткөрүүнү каалаган унаа ээлери үчүн этап-этабы менен көрсөтмөлөр ачылат:

1-кадам. Унааны текшерүүдөн өткөрүү керек, ал кезекти эсепке албастан 5-10 мүнөткө созулат жана сиз «Текшерүү актын» алышыңыз керек. Мамлекеттик номер алмаштырылган учурда, аны автоунаадан чечип, өзүңүз менен кошо алып кетишиңиз керек. Эскертебиз! Кайрадан каттоодо регион өзгөрүлбөсө, үч же төрт сандуу болгонуна карабастан автотранспорттун мамлекеттик каттоо белгисин алмаштырбай коюуга болоорун.

2-кадам. Андан кийин күтүү залына барып, маалымат столуна (кабылдамага) кайрыласыз. Кызматкер сизге электрондук кезек билетин берет, сиздин билет номериңизге жараша кезеги менен алар сизге кызмат көрсөтөт.

Маалымат столунан “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун бар-жок экендигин текшере аласыз. Эгер төлөнбөгөн айып пулдар аныкталса, аларды банктын кассаларында же мобилдик тиркемелер аркылуу төлөөгө туура келет. Төлөнбөгөн карыздар транспорттук каражаттарды каттоо тутумунда аракеттерди чектейт.

Унааны кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн талап кылынган документтер:

— ID-паспорт (сатуучунун жана сатып алуучунун);

— ээликтен ажыратуу укугу бар ишеним кат (эгер бар болсо);

— транспорттук каражатты каттоо жөнүндө күбөлүк;

— текшерүү акты;

— мамлекеттик унаа номери (алмаштырылса);

— унаа үчүн салык жыйымдарын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция. Учурдагы салык мезгили үчүн салык төлөнбөгөн учурда, анда автоунааны каттоосү үчүн төлөгөн учурда, кыймылдуу мүлккө салыкты да төлөөгө болот.

3-кадам. Унааны каттоодо негизги документ — бул сиз унаанын жаңы ээси экениңизди тастыктаган сатуу келишими. Аны каттоо учурунда «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкери түзөт. Сатып алуучу келишимде жана арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерип, керектүү жерлерге кол коюп, документтердин толук топтомун адиске тапшырышы керек.

4-кадам. Аягында сиз арызда көрсөтүлгөн сумманы күтүү залында жайгашкан банктын кассаларына төлөйсүз. Убактылуу күтүүдөн кийин чекти тапшыруу иштери менен кызмат кылган адиске тапшырып, мамлекеттик унаа номериңизди жана өзүңүздүн аты-жөнүңүзгө таандык ТК каттоо жөнүндө күбөлүктү аласыз.

Маанилүү! Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү боюнча бардык операциялар автоматташтырылган жана мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен интеграцияланган. Бул себептен, Мамлекеттик каттоо кызматы сиздин талаптырыңызды тез чечип берем деген ортомчулардын сунуштарынан баш тартууга чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1073