«УНАА» мамлекеттик мекемесинде тинтүү жүрүп, бир кызматкери колго түшүрүлдү. Бул тууралуу күч органдары билдиришти.
Алардын айтымында, алар аталган мекемеге айдоочулук күбөлүк алууга келген жарандардан пара талап кылуу фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
«Учурда УНААнын бир кызматкери кармалды, бирок акча табыла элек. Акча үч жарандан которулган, алардын ар бири 6-7 миң сомдон берген», — деп билдирет коопсуздук кызматынын өкүлдөрү.