7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Айфон 14 про макс алып бербесең уят кылам” деген келин кармалды

1299

Ош ШИИБге 25 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал «белгисиз аял анын сүрөттөрүнө намысына, жүрүм-турумуна шек келтирген сөз кошуп интернетке чыгарам» деп жатканын, телефон же анын акчасын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Ал аял эгерде «Айфон 14 про макс» үлгүсүндөгү телефонду алып берсе, интернетке чыгарбай тургандыгын айткан.

9-сентябрда шектүү жаран тарабынан жабырлануучудан 60 миӊ сом акча алып жаткан учурда кармалды. Ал коңшу мамлекеттин жараны, Ош шаарында убактылуу жашап турган 1998-жылы туулган Ш.И. аттуу аял экендиги аныкталды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 11-сентябрда Ош шаардык соту тарабынан 2 ай абакта кармоо боюнча чечим чыгарылды.

Учурда Кылмыш кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1300