Биринчи айым Айгүл Жапарованын Түркияга кийип барган көйнөгү көпчүлүктүн көңүл чордонуна алынып, социалдык тармактарда жакшы пикирлерди жаратууда.
Баткен аймагынын символу болгон Айгүл гүлүнүн биринчи айымдын көйнөгүнө түшүрүлүшү коомчулукту суктандырып, таасир этти.
Белгилей кетсек, Айгүл Жапарова президентти Түркияга болгон расмий сапарында коштоп кеткен.