7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айгүл Жапарова: Мээримдүү үй-бүлө — баланын туура жана дени сак өнүгүүсүнүн ачкычы

518

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата ата-энелер жана балдарга арналган «Алтын Казык» интерактивдүү фестивалына катышты.

Биринчи айым өзүнүн куттуктоо сөзүндө бардык балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктады.

«Бул иш-чаранын мааниси чоң. Анткени, бала мээримдүү жана камкор үй-бүлөдө чоңойсо, ал өмүр бою бактылуу болот. Үй-бүлөдөн башка эч ким балага келечекте таяна турган туура жашоо баалуулуктарын үйрөтө албайт. Балдар өздөрүн коопсуз сезгенде, сүйүүнү жана камкордукту сезгенде толук өнүгөт. Мээримдүү үй-бүлө — баланын туура жана дени сак өнүгүүсүнүн ачкычы», — деди ал.

Айгүл Жапарова ата-энелерди балдарга туура адаттарды, туура тамактанууну үйрөтүүгө жана гаджеттерге көп көңүл бурбоого чакырды.

Ошондой эле биринчи айым ата-энелер менен балдардын ортосундагы баарлашуунун маанилүүлүгүн, алар менен ар кандай кызыктуу жана өнүктүрүүчү оюндарды ойноонун зарылдыгын белгиледи.

«Алтын Казык» фестивалын «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду «Супара» этно-комплексинин жетекчилиги менен биргеликте уюштурган.

Фестивалдын максаты — улуттук баалуулуктарды эске алуу менен акыркы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын пайдалануу аркылуу кичине курактагы балдардын өнүгүүсү тууралуу ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

519