7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айлык маянасын ала албай жаткан Жайыл районунун тургундары. Жергиликтүү бийлик үн катты

999

Буга чейин Жайыл районунун тургуну Давлатбек Жалилов айлык акысын ала албай жатканын билдирип, биздин редакцияга кайрылган. Анын айтымында, алар канал курушуп, май айында бүткөн. Бирок жетекчилик аларга айлык маянасын бербей жаткан.

Бүгүн, 22-июнда райондун башкаруучусу Райымкулов Мелис Өмүркулович менен байланышканыбызда айлык маяна убагы менен берилбегендигин бирок, Республикалык бюджеттен которулаары менен берээрин билдирди.

«Балдар иштеп берип Петропавловка каналын куйуп бүтүрдүк. Республикалык бюджеттен акча келбей жаткандыктан балдардын акчасын убагы менен бере албай жаттык. Бухгалтер менен бүгүн эле байланыштым, эртең жума күнү же дүйшөмбү күнү балдардын акчасын которуп беребиз. Ар бир жумушчуга карта дагы ачып берип койгонбуз, акча келээр менен эле которобуз»,- деди райондун башкаруучусу.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1000