7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айлык маянасын кечиктиргендиги үчүн кызматкер жетекчисин өлтүргөн

538

Ош шаарында Кытай жараны айлык маянасын кечиктиргендиги үчүн жетекчисинин өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-ноябрда саат 10:00 чамасында Ош шаарынын Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан “Пекин” мейманканасында Кытайдын 1978-жылы туулган жараны киши колдуу болгон.

Бул кылмышка шектүү катары анын жердеши, Кытай Республикасынын 1980-жылы туулган жараны кармалган. Ал өз күнөөсүн моюнуна алып, анын бул кылмышка баруусуна өз ара келишпестиктер себеп болгондугун айткан.

Щектүүнүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, маркум анын жетекчиси болгон жана көп айлык кызмат акысын бербей жүргөн. Бул көрсөтмөлөр тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча ыкчам тергѳѳ тобу барып, кароо жүргүзүлүп, маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда иликтөө иштери уланууда, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

539