7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байге фонду 1 млн сом. Бүгүн республикалык төкмө акындар айтышынын финалдык бөлүгү өтөт

727

Бүгүн, 9-ноябрда “Айтыш — 2022” республикалык төкмө акындар айтышынын финалдык бөлүгү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Айтыш президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгынын алкагында жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Айтыштын тандоо туру 8-ноябрда “Манас” кинотеатрында өтүп, жарым финал жана финалдык бөлүгү бүгүн, 9-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат.

Эскерте кетсек, иш-чаранын байге фонду 1 млн сомду түзөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

728