7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аймактардагы мамлекеттик окуу жайлар эми Улуттук университетке карайт

352

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттеринин бардык укуктарынын жана милдеттеринин укук мураскери болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров 2025-жылдын 11-сентябрында жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык, университет төмөнкү билим берүү уюмдарын ага кошуу жолу менен кайра түзүлөт:

– Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;

– Талас мамлекеттик университети;

– Баткен мамлекеттик университети.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

353