7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аймактык башкаруу реформасы: Жаңы изилдөөнүн жыйынтыктары

215

Бүгүн Бишкек шаарында Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель фондунун демилгеси менен аймактык башкаруудагы өзгөрүүлөргө арналган изилдөө долбоору тааныштырылды.

Ал эми изилдөө 2024-жылдын январынан 2025-жылдын июнуна чейинки мезгилди камтып, Аалы Карашев баштаган көз карандысыз эксперттер тобу тарабынан жүргүзүлгөн.

Долбоор жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу системасындагы реформалардын жүрүшүн талдап, жетишкен ийгиликтерди жана чечүүнү талап кылган маселелерди көрсөтөт. Ошондой эле мамлекеттик органдар үчүн практикалык сунуштар берилген. Иш-чаранын катышуучулары мамлекеттик башкаруу реформасы үзгүлтүксүз процесс экенин белгилеп, жарандардын кызыкчылыгына багытталган натыйжалуу башкаруу үчүн диалогду күчөтүүнүн маанисин баса белгилешти.

216