7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аймактык гезиттердин башкы редакторлору кайрылуу жасашты

527

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бир нече облустук гезиттерди жоюуну сунуштоодо. Буга байланыштуу Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Буга байланыштуу аймактык гезиттердин башкы редакторлору кайрылуу жасашты.

Алардын айтымында, бул токтом талкууга чыгрылбашы керек. Тескерисинче, мамлекеттик саясатты, идеологияны алыскы аймактарга жайылтуу максатында гезиттерди күчтөндүрүү зарыл. Облустук гезиттердин сапатын жакшыртып, кыска аралыкта гезиттерди өзүн-өзү каржылоого өткөрүү жана нускасын 5 миңге чейин жеткирүүнү пландап жатабыз —  дешет алар.

Ошондой эле, гезит – бул өлкөнүн тарыхы, архиви, керек болсо алиппеси. Эл дал ошол гезиттерден сүйлөө жана жазма маданиятын өнүктүрөт. Андан да маанилүүсү мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн туура, так маалыматтарды таратат. Азыр дагы элетте гезитти чыдамсыздык менен күтүп окуган ондогон окурмандар бар экендигин билдиришет.

«Көп өлкөлөрдө өлкөнүн идеологиясын жүргүзгөн гезиттер өлкө үчүн киреше алып келген эмес экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Тескерисинче, мамлекеттин келечеги, бүтүндүгү, өнүгүшү үчүн кызмат көрсөткөн маалымат каражаттарынан акча аябай алардын ийгиликтүү иштөөсү мыкты шарттарды түзүп берген. Мына ушул өңүттөн алып караганда, облустук гезиттерди жоюп салуу тарыхый чоң катачылык — деп ойлойбуз. Эгерде, бизге ишеним көрсөтүлүп, убакыт берилсе, облустук гезиттердин сапатын дагы, нускасын дагы көтөрүп, аймактардагы ишенимдүү маалымат таратуучу органга айландырабыз» — деп убада беришүүдө. Бул кайрылууну 7 облустан 8 гезиттин башкы редакторлору социалдык тармактарга жарыялашкан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

528