7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аймактык кеңештин депутаты орусча сүйлөгөнү үчүн партиядан четтетилди

660

Аймактык кеңештин депутаты орусча сүйлөгөнү үчүн партиядан четтетилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Харьков аймактык кеңешинин мүчөсү Александр Дорошенко орус тилинде сүйлөгөнү үчүн фракциядан чыгарылган.

Депутат Дорошенко баскынчы өлкөнүн тилинде сүйлөп, кесиптештеринин эскертүүлөрүнө көңүл бурган эмес. Көп өтпөй ал катуу толкундангандан улам орус тилин колдонгонун Facebook баракчасына жазган.

«Толкунданганымдан украин тилинде сүйлөй алган жокмун. Мен коомчулуктан, ошондой эле Европа Тилектештик Партиясындагы кесиптештеримден кечирим сурагым келет. Кесиптештеримдин айткан эскертүүлөрүнө реакциям башкача болуш керек болчу, — деп жазган ал.

Ошол эле учурда Дорошенко келечекте эл алдында украин тилинде гана сүйлөй тургандыгын убада кылып, бирок, ал орус тилдүү экенин мойнуна алды.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын апрель айында Украинада украин тилин мамлекеттик тил катары камсыз кылуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган документке ылайык, мыйзамды бузган чиновниктерге айып пул салынат. 16-январда Украинада кызмат көрсөтүү жаатында украин тилин милдеттүү түрдө колдонуу эрежеси киргизилген.

661